Облустарга жаңы жетекчилерди дайындоо уланууда. Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Абсаттар Сыргабаев дайындалды. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.
Сыргабаев буга чейин Сузак районуна караштуу Барпы айыл аймагынын башчысы болуп эмгектенген.