Коопсуздук кеңешинин жетекчилиги алмашты

Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев менен анын орун басары Өмүрбек Суваналиев кызматынан бошотулду. Бул тууралуу жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков 10-октябрда кол койду. Азырынча анын себептери белгисиз.

Мамлекет башчынын дагы бир жарлыгы менен Жаныбек Капаров Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары болуп дайындалды.

Кыргызстанда парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына байланыштуу чыккан нааразылык акциялары массалык тополоң менен коштолуп, абал курчуп кеткен. 6-октябрга караган түнү митингчилер президенттик администрация менен парламенттин имаратын, УКМКны ээлеп, камактагы бир топ саясатчыларды бошоткон.

Парламенттик шайлоого «Бүтүн Кыргызстан» партиясынан талапкер, Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Суваналиев башаламандыктардан кийин кызматына кайтып барып, өлкөдөгү күч кызматтарын координациялоону колуна алган.

Бул окуяларга байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы акыркы парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарган. Өлкөдө азыр коомдук-саясий кризис өкүм сүрүп жатат.