Убактылуу айдоочулук күбөлүктөрдүн мөөнөтү узартылышы мүмкүн

Убактылуу айдоочулук күбөлүктөрдүн мөөнөтү узартылышы мүмкүн.

Бул тууралуу novosti.kg ге Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Ага караганда, бул маселе боюнча аталган мекемеде жакынкы арада чечим кабыл алынат.

Эске салсак, убактылуу айдоочулук күбөлүктөрдү кыргызстандыктар 31-декабрга чейин

алмаштырышы керек. Бирок, жаңы үлгүдөгү документтер 9-декабрдан тарта бериле баштады.

Күбөлүк алууга кезекке тургандар көп болгонуна байланыштуу, унаа ээлери арыздарын

өз убагында тапшыра албагандары кездешүүдө.