“Коопсуз шаар” долбоорунун 2-этабы кийинки жылдын май айында башталат

“Коопсуз шаар” долбоорунун 2-этабы кийинки жылдын май айында башталат.

Бул тууралуу Мамлекеттик маалымат технологиялар комитетинин жетекчиси

Дастан Догоев билдирет. Анын айтымында, учурда Ички иштер министрлиги

кайсы жерлерге камера орнотуу керектиги боюнча тактоо иштерин жүргүзүүдө.

Январда тестирлөө максатында жабдууну орнотуунун пландалып жатат.

Белгилеп кетсек, “Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабын Кытайлык компания ишке ашырат.

Алар сунуштаган сумма 38 миллион долларды түзөт.