Кыргызстандыктар жаңы жылда катары менен 7 күн эс алышат. Өкмөт сунуштаган токтом долбоорго ылайык, дем алыш күндөрүн туура бөлүштүрүү максатында 1-январдан 7-январга чейин эс алуу жарыялоо сунушталды.
Ал эми майдын биринен бешине чейин кыргызстандыктар жумушка чыгышпайт. Документ ведомстволордун макулдашуусуна жөнөтүлдү.