Украинадан эвакуацияланган кыргызстандыктар Бишкекке учуп келди

Украинадан эвакуацияланган кыргызстандыктар Бишкекке учуп келди.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, кечээ түнкү саат 11.45те чартердик рейс менен Украинанын аймагынан Польшага кирген 72 жаран, алардын ичинде балдар жана аялдар мекенге келишти.

Жалпысынан аталган өлкөдөн Кыргызстандын жарандарын эвакуациялоо мезгилинен бери 635 киши коопсуз аймактарга жайгаштырылды.

Ал эми Кыргызстанга бүгүнкү күндө 163 жаран жеткирилди.