Украинадагы кыргызстандыктар Польша аркылуу акыркы жолу акысыз келе алышат.
Бул тууралуу аталган мамлекеттеги биздин өлкөнүн элчиси Идрис Кадыркулов билдирди.
16- мартта Польшадан Тышкы иштер министрлиги уюштурган акыркы бекер учак учат, ошондуктан бардыгыңыздарды Львов шаары аркылуу Польшага өтүп кетүүнү сунуштоо менен бирге, Украинанын аймагынан чыгып кетүү керек экендигин баса белгилейбиз», — деп айтылат маалыматта.
Аталган шаарга бекер эвакуациялык поезд, такси жана автобустар менен жетсе болот.