Июль айында Улуттук банктын алтын корунун баасы 434,6 миллион сомго көтөрүлдү. Бул тууралуу мекеменин сайтында жазылган.
Белгилей кетсек, буга чейин алтындын запасынын баасы түшүп, төрт айдан бери көтөрүлбөй жаткан.
1-мартка карата баасы 55 миллиард сомду түзгөн (андан кийин арзандай баштаган);
1-апрелге карата — 52,8 миллиард (баа түшкөн);
1-майга карата — 51,4 миллиард (баа түшкөн);
1-июнга карата — 50,2 миллиард (баа түшкөн);
1-июлга карата — 47,3 миллиард 357,2 миллион сом (баа түшкөн);
1-августта — 47 миллиард 791,8 миллион (баа жогорулаган).
Акыркы айда баа эмнеден улам көтөрүлгөнү айтылган эмес.
Дүйнөлүк бааны карай турган болсок, Баалуу металлдардын Лондон ассоциациясынын кечки фиксингинде 1-июлга карата бир унциясы 1797,45 доллар болсо, 1-августта 1772,4 долларга бааланган. Бирок Кыргызстанда доллардын расмий курсу бул убакыт аралыгында 3,57 сомго өскөн.