Чек ара кызматы «Достук» аркылуу каттагандарга эскертүү берди

Кыргызстандын Чек ара кызматы бүгүн, 28-августта кыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук” өткөрмө бекетиндеги абал боюнча маалымат таратып, мекеменин мүлкүнө зыян келтиргендер мыйзам чегинде жоопко тартыларын эскертти. Маалыматта айтылгандай, аталган бекет кадимки тартипте иштеп жатат, бирок реконструкциялоо иштери жүргүзүлүп, жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөнүнө карабастан жаңы имаратка залака келтирилген учурлар катталууда.

 

«Адамдар жаңы имараттагы мүлккө аяр мамиле жасабай, айнектерди сындырып, эшиктерди талкалап, машинасы менен тосмолорду сүздүрүп кеткен учурлар катталууда”, — дейт Чек ара кызматы.

 

Мекеме билдиргендей, “Достук” бекетинде оңдоп-түзөө, жаңылоо иштери жүргүзүлгөндөн бери каттаган адамдар көбөйдү. Мурда бул бекет аркылуу күн сайын 14,5 миң адам өтүп жүргөн болсо азыр 22 миңге жетүүдө.

 

Эки өлкөнүн чек арасында жалпысынан 15 өткөрмө бекети бар. “Достук” Ош облусунун Кара-Суу районунда жайгашкан. Андан эки өлкөнүн жарандары ары-бери каттап турушат. Өзбекстандыктар Кыргызстандын аймагы аркылуу башка мамлекеттерге кетишет, айрымдары бул жакта ар кандай жумуштарда иштешет.

Өзбекстан 2010-жылдагы Кыргызстанда болгон саясий окуялар учурунда бардык чек ара пункттарын жапкан. Чектөөлөр 2017-жылдын сентябрында алынган.