Кийинки айдан баштап жума сайын Россиядан Кыргызстанга чартердик учак каттап баштайт

Кийинки айдан баштап жума сайын Россиядан Кыргызстанга чартердик учак каттап баштайт.

Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалыматына ылайык, учурда 1,5 миңдей адам кезекте турат.

Каттам биринчи кезекте оор абалдагы бейтаптар, кош бойлуу аялдар, жаш балдар жана карыяларга жүргүзүлөт.

Ал эми Кыргызстанга кетүүнү каалап, бирок аталган тизмеге кирбей калган

жарандарга туруктуу каттамдардын ачылышын күтүү сунушталат.