Дүйнө чемпионаты: Тыныбекова жана Жуманазарова чейрек финалга чыкты

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын мүчөлөрү Айсулуу Тыныбекова жана Мээрим Жуманазарова Дүйнө чемпионатынын чейрек финалына чыкты.

 

Тыныбекова Дүйнө биринчилигине 62 кг чейинки салмактык категориясында 1/16 финалдан тарта катышууда. Кыргыз балбаны польшалык жана молдовалык эки атаандашынын тең далысын жерге басып, таза жеңиш менен чейрек финалга өттү.

 

Ал эми Мээрим Жуманазарова биринчи атаандашы болгон перулук спортчуга бир дагы мүмкүнчүлүк бербестен 10:0 эсебинде утуп, андан соң украиналык балбан кыз менен кез келди. Кыргыз спортчусу атаандашын 5:2 эсебинде артка калтырып, чейрек финалга чыкты. Жуманазарова 68 кг чейинки салмактык категорияда катышууда.

 

Күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты Сербиянын Белград шаарында өтүүдө. Анын алкагында 2024-жылы Парижде өтө турган жайкы Олимпиадага жолдомо алууга шарт түзүлөт.

 

Кечээ Айпери Медет кызы Дүйнө чемпионатынын финалына чыгып, Олимп оюндарына биринчи лицензияны алган.