Венгрияда Кыргызстандын маданий күндөрү өтүүдө

Венгрияда Кыргыз өлкөсүнүн маданият күндөрү өтүүдө. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов Венгрияда өтүп жаткан маданий күндөрүнүн алкагында Түрк мамлекеттер уюмунун Венгриядагы өкүлчүлүгүнүн директору Янош Ховари менен жолугушту.

Анда тараптар Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы кызматташуу тууралуу кенен сүйлөшүү жүргүзүштү. Анын ичинде маданият жаатында кызматташууну бекемдөө үчүн кыргыз-мажар актёрлорунун катышуусунда кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде кино тартуу, эки өлкөнүн кино индустриясынын өкүлдөрү ортосундагы байланышты түзүү жана тажрыйба алмашуу тууралуу талкуулашты.

Мындай аракеттер өз жемишин берип, келечекте жаңы идеяларды жана долбоорлорду уюштурууга, ошондой эле кыргыз кино күндөрүн Мажарстанда, мажар кино күндөрүн Кыргызстанда өткөрүүнү расмий уюштуруп өткөрүүнү макулдашты.

 

Ошондой эле сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Венгрия тарап Кыргызстандын туристтик потенциалы тууралуу жылуу пикирлерин айтып, биргеликте орток долбоорду түзүү, аны концептуалдык жактан биргеликте иштеп чыгууга кызыкдар экендигин маалымдады.

Жыйынтыгында, тараптар эки өлкөнүн маданий жана туристтик алакасын бекемдөө максатында тиешелүү мамлекеттик органдар, кызыктар тараптар менен иш алып барууну макулдашты.

 

Эске салсак, Кыргызстандын Венгриядагы маданият күндөрү 15-августка чейин уланып, маданий программалар менен коштолот.