Бишкек мектептеринде окуучулар бирдиктүү форма кийүүгө милдеттендирилбейт

Бишкек мектептеринде окуучулар бирдиктүү форма кийүүгө милдеттендирилбейт. Бул тууралуу вице-мэр Виктория Мозгачева билдирди. Анын айтымында, бирок балдар үстү ак, асты кара классикалык кийиниши керек.

 

Эске салсак, буга чейин парламент депутаттары кайрадан бирдиктүү мектеп формасын кийгизүү демилгесин көтөрүп чыккан.

 

Алардын пикиринде бирдиктүү форма окуучулардын жүрүм-турумун оңдоп, жакшы окууга өбөлгө түзөт.