Жалал-Абад шаарында туристтик карталар орнотулду.
Аталган шаардык мэриядан билдиришкендей, алар калаадагы
борбордук көчөлөрдө жана эл көп каттаган жайларда жалпысынан
41 даанасы жайгашты. Анда облустун негизги туристтик объектилерине
Шах-Фазиль, Саймалуу-Таш сыяктуу тарыхый комплекстерге, Кан-Ачуу,
Падыша-Ата, Арсланбап жана Сары-Челек коруктарына чейинки аралыктар жазылган.
Ошондой эле андан, кызмат көрсөтүү жана эс алуу жайларынын даректерин көрүүгө болот.
Бул иштер шаар конокторуна ыңгайлуулук жаратуу максатында жасалып жатат, — дешти муниципалитеттен.