Кыргызстанда медициналык мекемелерге көрсөткөн ыктыярчылардын жардамын
бириктирген birge.pro порталы ишке кирди. Бүгүнкү күндө көптөгөн ыктыярчылар жана
жөнөкөй жарандар медициналык мекемелерге жана кызматкерлерге жардам берүүдө.
Координациянын жоктугунан улам жардам кээ бирлерине кайталанып, айрымдарына
дээрлик жетпей калууда. Мындан улам сайтта ооруканага эмне жетишпей
жаткандыгы тууралуу маалыматтар жайгаштырылат.