Доллар 83 сомго жетти

Доллар 83 сомго жетти. Улуттук банктан түшүндүрүшкөндөй, кымбаттоо сырткы таасирлерден улам болуп жатат. Мисалы, дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүнө карантиндик чектөөлөрдүн кайрадан киргизилиши, сырьелордун арзандашы жана экономиканын келечегине негативдүү божомолдор.

 

1993-жылдан тарта чет элдик валюта курсун суроо талап жана сунушка карата аныктоо системасы пайда болгон.

 

Андан улам Улуттук банк валюта курсунун кымбаттап же түшүп кетишине таасир тийгизе албайт. Болгону, балансты кармап туруу үчүн бир катар аракеттерди көрөт.