Кыргызстанда эт дагы эле кымбаттап жатат

Кыргызстанда эт дагы эле кымбаттап жатат. Улутук статистика комитетинин маалыматына ылайык, республика аймагында эттин баасы 2 сом 77 тыйынга жогорулады. Бул уй этинин наркы.

 

Ал эми койдуку 8 сомго кымбаттады. Эң жогорку баалар Ошто катталды, килограммына 452 сом, эң арзан Таластын Манас районунда, бул жерде тургундар этти килограммына 374 сомдон сатып алышууда. Эске салсак, өткөн жылдын аягында Кыргызстанда эттин баасы 280 сомдон дароо 400 сомго кымбаттаган.