Ысык-Көл мейманканасынын ордуна Айтматов проспектисинде мамлекеттик маанидеги административдик комплекс курулат

Ысык-Көл мейманканасынын ордуна Айтматов проспектисинде мамлекеттик маанидеги административдик комплекс курулат. Президенттин иш башкармалыгынан билдиришкендей, имарат 37 жыл мурда салынып, 2007-жылы иштебей калган.

 

Бийлик бир нече жылдан бери имаратты сактап калуу үчүн инвесторлор менен сүйлөшүү жүргүзүп келгени менен, майнап чыккан эмес.

 

Жыйынтыгында, жөн турган мейманкана урап баштады. Андыктан, аны түрттүрүп, ордуна административдик комплекс куруу чечими кабыл алынды. Ал кандай максатта колдонулат, азырынча белгисиз.