Бишкекте өтө турган кайра шайлоонун үгүт жүргүзүү иштери 7-февралда башталат

Бишкекте өтө турган кайра шайлоонун үгүт жүргүзүү иштери 7-февралда башталат. Бул тууралуу БШКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, агитация 26-февралга чейин уланат.

 

Кайра шайлоонун өзү Бишкектин Свердлов жана Биринчи май райондорунда 27-февралга белгиленди. Эске салсак, ушул жылдын 28-ноябрында өлкөдө Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына депутаттарды шайлоо өткөн.

 

Анда аталган эки шайлоо округунда «баарына каршы» графасы талапкерлердин алган добушунан ашып кеткендиктен шайлоо өтпөй калды деп таанылган.