Ысык-Көл таштандылардан тазаланды.
Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин кызматкерлери экологиялык акция уюштурду.
Анын алкагында Тору-Айгыр жана Бостери айылдарындагы көлдүн түбүнөн
бир тоннадан ашык таштанды жана 100дөн ашык балык кармай турган тор алынып чыкты.
Ысык-Көлдөн жалпы жонунан беш тонна таштанды чогултулуп, аны кайра иштетүү үчүн
Балыкчыдагы атайын жеке ишканага берилди.
Мындай акция Дүйнөлүк тазалык күнүнө карата уюштурулду.