Караколдо шайлоо тилкесинин дареги өзгөрдү.
Тагыраагы, №3162-шайлоо участогу №7 бала бакчанын имаратынан Харьков көчөсүндөгү
№8 бала бакчанын имаратына көчүрүлдү. Тиешелүү чечим Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын
кайрылуусунун негизинде кабыл алынды. Белгилеп кетсек, Кыргызстанда 4-октябрда
парламенттик шайлоо өтөт. Учурда үгүт иштери жүрүп жатат.