Убактылуу айдоочулук күбөлүктөрдүн жарактуу мөөнөтү соңуна чыкты

Былтыр июнь айынан баштап берилип келген убактылуу айдоочулук

күбөлүктөрдүн жарактуу мөөнөтү соңуна чыкты. Бул тууралуу

Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда,

документтерди туруктуу күбөлүктөргө алмаштыруу зарыл. Аны менен

унаа башкаруу эреже бузуу фактысы катары катталат. Мындай учурда

айдоочуга миң сом өлчөмүндө айып салынып, машина айып короосуна киргизилет.