Ош облусунун Төрт-Көл айылында бир кылымдан бери турган мектеп жаңыдан курулуп, колдонууга берилди

Ош облусунун Төрт-Көл айылында бир кылымдан бери турган мектеп жаңыдан курулуп, колдонууга берилди.

Өкмөттүн аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, Жээнбек Маматжанов атындагы

№58-орто мектептин курулуш иштери 2015-жылы башталган. Долбоорго мамлекеттик бюджеттен

78 миллион сом бөлүнгөн. Бул суммага билим берүү мекемесинин негизги окуу корпусу курулуп бүттү.

Имарат 275 орунга ылайыкталды. Окуу жайда 16 класстык бөлмө, ашкана, жыйын залы бар.