Ысык-Көлдө пандемиядан улам эс алуу жайларынын 41 пайызы иштеген жок

Ысык-Көлдө пандемиядан улам эс алуу жайларынын 41 пайызы иштеген жок. Өкмөттүн аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Элчибек Жантаев билдиргендей, июнда эс алуучулардын жоктугунан айрым эс алуу жайлар туристтик мезгилде иштөөдөн баш тарткан.

 

Облуста быйыл 533 объект иштөөгө уруксат алган. 1-июлда  анын 313ү ишке кирсе, 220 объект иштеген эмес.

 

Буга чейин Маданият, маалымат жана туризм министрлиги быйыл туризм тармагы 80 пайызга солгундайт деген божомол бар экенин билдирген.