Ала-Тоо аянтындагы башкы балаты бүгүн алынат

Ала-Тоо аянтындагы башкы балаты бүгүн алынат.

Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Муниципалитеттен түшүндүрүшкөндөй, быйылкы жаңы жылдык инсталляциянын конструкциясы жана

балаты, каражатты үнөмдөө максатында кийинки жылдары дагы колдонулат.

Ал эми ушул жылкы кыш сулуусун жасалгалоого 960 миң сом сарпталды.

Анын ичинде жаңы “Ынтымак” эс алуу багындагы, Чыгыш 5 кичи районундагы жана

филармониянын алдындагы балатыларды кооздоо кирди.