Ысык-Көлдө жайкы туристтик сезондун расмий ачылышы 13-майда болот

Ысык-Көлдө жайкы туристтик сезондун расмий ачылышы 13-майда болот.

 

Туризм департаментинин маалыматына ылайык, бул күнгө Issyk-Kul ITF 2023 эл аралык көргөзмөсү белгиленди.

 

Каалоочулар Рух Ордо маданий борборунда туристтик компаниялардын, пансионат жана эс алуу үйлөрүнүн товарлары,  кызматтары менен тааныша алат. Көргөзмө-жарманкенин максаты – туризм тармагын өнүктүрүү, аны эл аралык рынокто жайылтуу жана чет элдик туристтерди тартуу болуп саналат.