Кыргызстандын панорамалык 3Д туристтик картасын түзүү пландалууда

Кыргызстандын панорамалык 3Д туристтик картасын түзүү пландалууда.

Бул тууралуу туризм департаментинин порталында жарыяланды.

Маалыматка караганда, бул карта аркылуу фотоматериалды 360 градуста көрүү

мүмкүнчүлүгү пайда болот. 3Д сүрөттөр Туризм министрлигинин жана

департаменттин сайттарындагы Google карталарга жайгаштырылат.

Аталган долбоорго Ош, Жалал-Абад, ысык-Көл, Чүй жана Бишкектеги

тарыхый-маданий жайлары камтылат. Жаңычылдык октябрь айында ишке ашып калат.