Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолундагы 800 метрлик транзиттик тилкеде Казакстан инженердик тосмолорду орнотуп алды

Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолундагы 800 метрлик транзиттик тилкеде Казакстан инженердик тосмолорду орнотуп алды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

 

Казакстан аймагына кирген май куюу станциясына кыргызстандыктар жана башка өлкөнүн жарандары кире албайт. А бирок транзиттик жолдун тилкеси кыймылга ачык, — дешти ведомстводон.