Бишкекте Ленская көчөсүнүн бир бөлүгү кыймылга жабылды

Бишкекте Ленская көчөсүнүн бир бөлүгү кыймылга жабылды. Кеп анын Фучик көчөсүнөн Чоң Чүй каналына чейинки тилкеси тууралуу болуп жатат, — дешти мэриядан.

 

Бул жерде жолдун катмары жаңыртылып, тротуар оңдолуп, ирригациялык тармак өткөрүлөт. Тыгындарды алдын алуу максатында айдоочуларга башка каттамдарды эртелеп түзүп алуу сунушталат.