Кыргызстанда туристтерди тейлөө үчүн 68 атайын эс алуучу жайдын курулушу башталды. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү фондунан билдиришти. Маалыматка ылайык, быйыл 21 түйүн ачылса, 2023-жылы алардын саны 68ге жетет.
RestPoint – бул саякатчылар жана туристтер үчүн токтоочу жай. Бул жерден алар суусундуктарды ичип, эс алып, каттамдар тууралуу маалымат алып, телефондорун кубаттай алат.