Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан 1 миң тонна кумшекер жана 500 литр суу майды брондоп коет.
Бул аталган азыктарга Кыргызстанда суроо-талап кескин өскөндүгүнө байланыштуу, — деди ведомство жетекчиси Бообек Ажикеев. Анын пикиринде, калк арасында ызы-чуу жаралгандыктан, жетишсиздик дагы катталууда.
Тынсызданууга себеп жоп, анткени, материалдык резервдер фондунда азыктардын запасы мол. Азык-түлүк коопсузду боюнча абалды министрлер кабинети жана президент көзөмөлдөп жатат, чек аралар ачык, импорт үзгүлтүккө учураган жок, — деди Ажикеев.