Улуттук госпиталда травматология бөлүмү ачылды. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, ал 350 бейтапка чакталган.
Эске салсак, 4-февралда Травматология жана ортопедия илимий борбору Клиникалык тез жардам ооруканасы болуп өзгөртүлгөн.
Анда директор кызматы жоюлуп, оорукананы башкы дарыгер жетектейт.