Ири соода тармактарында кумшекер жана суу майдын баасы арзандатылды.
Бул тууралуу Монополдукка каршы мамлекеттик кызматынан билдиришти. Дүкөндөр кумшекердин наркын 63 сомдон 55 сомго, ал эми суу майды литрине 15-20 сомго төмөндөтүшү керек.
Ведомстводон белгилешкендей, жакынкы күндөрү базар жана башка дүкөндөргө дагы бааларды түшүрүү тапшырмасы берилет.