Жалал-Абад облусунун аймагында да арзан көмүр сатыла баштады.
Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, жеткиликтүү
баадагы кара отун сатуу түйүндөрү Сузак, Базар-Коргон жана Тогуз-Торо
райондорунда пайда болду. Атайын жайларда кар отундун тоннасы
3,5 жана 4 миң сомдон сатылууда. Арзан көмүр биринчи кезекте
аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жеткиликтүү болот.