“Балага сүйүнчү” жөлөк пулун алуу үчүн арызды онлайн түрүндө дагы жиберсе болот

“Балага сүйүнчү” жөлөк пулун алуу үчүн арызды онлайн түрүндө дагы жиберсе болот.

Эмгек жана социалдык камсыздандыруу министрлигинен түшүндүрүшкөндөй, бул үчүн

билдирүүнү “Түндүк” порталына жөнөтүү керек. Андан тышкары, жөлөк пулду алуу үчүн

ата-эне каалаган калкты тейлөө борборуна кайрылса болот. Арыз толтурууда баланын

ПИН номерин, арыз ээсинин жашаган жерин, байланыш телефонун жана төлөмдү ала

турган банкты көрсөтүү зарыл. Кошумчаласак, өлкөдө 2018-жылдан бери жаңы төрөлгөн

ымыркайга 4 миң сомдук сүйүнчү берилет. Долбоор иштеп баштагандан бери

акчаны жарым миллиондон ашык адам алды.