Нарында селдин кесепетин жоюу уланууда

Нарында селдин кесепетин жоюу уланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кечээ нөшөрлөгөн жаандан улам Чоң-Нарын каналынан суу ташып, Батыш, Алма-Бак, Ак-Коргон, Көтөрмө тилкелеринде жайгашкан 60 турак-жайдын короолорун, чарба курулуштарын жана ички жолдорду суу каптады.

 

Учурда жеринде 30 куткаруучу атайын техниканын жардамы менен иштеп жатат.