Жалал-Абад шаарында автобустар кайрадан каттап баштады.
Жарандар шаар боюнча 8 каттам боюнча жүрө алышат.
Автобустар техникалык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, ички эмеректери
жаңыланып, тышы сырдалды. Эске салсак, буга чейин шаардык
кеңештин токтому менен жол кире 5 сомдон 10 сомго көтөрүлгөн.
Ал эми 5-класска чейинки окуучулар автобустарда акысыз жүрө алышат.
Бул үчүн мэрия жүргүнчүлөрдү ташуучуларга жыл сайын каражат бөлүп берет.