Кымбат шаарлардын катарында Бишкек 410-орунда.
Эксперттер рейтинг түзүүдө кафе жана дүкөндөрдөгү бааларды эске алышты.
Ошондой эле коомдук унаалардагы баа, турак-жай, коммуналдык кызматтар жана
калктын сатып алуу мүмкүнчүлүктөрү каралды. Ушуну менен Бишкекте Ташкентке караганда
жашоо кымбатыраак болуп чыкты. Бирок Нур-Султан жана Алматыга караганда дээрлик арзан.
Дүйнөдөгү эң кымбат шаарлардын үч илтигин Цюрих, Базель жана Лозанна бекитти.