Бишкек бийлиги жүргүнчүлөрдү ташуучу маршруттук таксилерди шаардын борборунда жүрүүгө тыюу салуу ниетинде

Бишкек бийлиги жүргүнчүлөрдү ташуучу маршруттук таксилерди шаардын

борборунда жүрүүгө тыюу салуу ниетинде. Вице-мэр Марат Садыкулов билдиргендей,

Ахунбаев, Жибек Жолу, 7-апрель жана Жаш Гвардия көчөлөрүн бириктирген бөлүктө

бир гана автобус жана троллейбустар каттайт. Бул үчүн Европа өнүктүрүү жана кайра

калыбына келтирүү банкы насыя катары бөлүп берген 33 миллион еврого 350 автобус

сатып алынат. Бересени Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы көтөрүлгөн

тарифтер жана электрондук билеттештирүү жолу менен төлөйт.