Кыргызстандын түштүгүндө айдап-себүү иштери 80 пайызга аяктады

Кыргызстандын түштүгүндө айдап-себүү иштери 80 пайызга аяктады.

Бул тууралуу Айыл чарба министринин орун басары Азамат Мукашев билдирди.

Ал эми өлкөнүн түндүгүнө келсек, иштин 50 пайызы бүттү.

Бул аба ырайынын шарттарына байланыштуу.

Чиновник ошондой эле Кыргызстанда март айындагы жаан-чачын нормадан көп болгону дыйкандардын ишине оң таасирин тийгизип жатканын белгиледи.