Жарандар 25-мартка чейин жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча өздөрүн тизмеден тактай алышат.
БШКдан билдиришкендей, так эместиктер болсо, шайлоочулар арыз менен комиссияга кайрылууга укуктуу.
31-мартка чейин добуш берүү укугуна ээ болгондордун акыркы тизмелери жарыяланат.
Эске салсак, айрым жергиликтүү кеңештерге шайлоо Ысык-Көл, Нарын, Ош, Чүй жана Жалал-Абад облустарында өтөт.
Добуш берүү 10-апрелге белгиленген.