Жети-Өгүз районунун тургуну Саруу айылдык сейил багына 1 миңден ашык көчөт отургузду. Кызыл-Суу айылынын тургуну Алибек Алышпаевдин бул демилгесин ишке ашыруу үчүн айыл-өкмөтү тарабынан көптөн бери каралбай калган сейил бак бөлүнүп берилген.
Тургун бул жерге ийне жалбырактуу Тянь-Шань, Сибирь, көк, кызыл карагайлайрын жана жазы жалбырактуу дарактын 12ден ашык түрүн отургузду.
Жалпысынан көчөттөргө 2 миллион сом жумшалды.