Ысык-Көл облусунда кызыл китепке кирген жаныбарларды аткандар кармалды

Ысык-Көл облусунда кызыл китепке кирген жаныбарларды аткандар кармалды. Бул тууралуу аймактык милициядан билдиришти. Маалыматка ылайык, Теплоключинка айылынын 37 жана 47 жаштагы тургундарында эки аюнун жана ак илбирстин терилери, баш сөөгү табылды.

 

Учурда козголгон кылмыш иштин негизинде тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө жүрүүдө.

 

Белгилеп кетсек, өкмөттүн 2013-жылдагы токтомуна ылайык, аюуга аңчылык кылуу үчүн 1 миллион сом айып салынат.