Жогорку Кеңеш кайра кабыл алынган Кылмыш жана Кылмыш-процессуалдык кодекстерин президентке жөнөттү. Бул тууралуу 24 агенттигине өлкө башчынын басма-сөз кызматынан билдиришти.
Документтер президент администрациясынын профилдик башкармалыгында каралып жатат.
Эске салсак, сентябрда Садыр Жапаров парламентке жаңы Кылмыш, Кылмыш-процессуалдык кодекстерин жана укук бузуулар боюнча кодексти парламентке кайтарып берген.
Президенттин пикиринде, айрым беренелер кайра каралып чыгышы керек болчу.