Ордо калаада спорттук сейил бак пайда болот

Ордо калаада спорттук сейил бак пайда болот.

“Бишкек башкы курулуш” ишканасы билдиргендей,

сквер Айтматов проспектисинин боюнда курулат.

Ал убакытты кыймылдуу өткөрүүгө жана спорт менен

машыгууга ылайыктанып салынат. Буга карата веложолчо,

скейт-парк жана кичи футбол аянты каралды.

Учурда жеринде пландык иштер жүрүп жатат. Шаардыктар

үчүн сейил бак 1-июнда пайдаланууга берилип калат.