Жогорку Кеңештин депутаттары парламенттин түзүмүн 12-январда карайт.
Бул тууралуу төрага Талант Мамытов билдирди. 18 депутаттан турган комиссия
жаңы парламенттин түзүмү боюнча өзүнүн вариантын сунуштады. Ал долбоордо
төраганын мурдагыдай 2 эмес 4 орун басары, 9 комитеттин ордуна 7ни түзүү каралган.
Бул сунуш жыйында кызуу талкууну жаратты. Айрым эл өкүлдөрү комитеттердин
санын 12ге чейин көбөйтүп, вице-спикерлердин санын кыскартууну сунушташты.
Натыйжада маселе жаңы жыл майрамдарынан кийин каралмай болду.
Кошумчаласак, Жогорку Кеңештин VII чакырылышы 29-декабрда ишин баштады.