Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын төрагасы шайланды.
Спикер болуп Талант Мамытов бекитилди. Төрагалык кызматка эки
талапкер: «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынан Адахан Мадумаров,
«Ынтымак» фракциясынан Талант Мамытов көрсөтүлдү. Эске салсак,
кечээ Жогорку Кеңештин VII чакырылышына шайланып келген жаңы
депутаттар ант берди. БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова
парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгы менен тааныштырып,
эл өкүлдөрүнө тиешелүү кызматтык күбөлүк жана төш белги тапшырды.