Ташкентте кыргыз-өзбек чек арасы боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт.
Жолугушуу 24-25-мартта өтөт. Кыргыз делегациясын Улуттук коопсуздук боюнча
мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жетектесе, өзбек тараптыкын премьер-министр
Абдулла Арипов алып барат. Жыйында башкаруучулар комиссиясы кыргыз-өзбек
чек арасынын калган тилкесин делимитациялоону талкуулашат.