Бишкектеги “Жер-Ынтымагы” конушунун тургундарына 500гө жакын техникалык паспорт берилди

Бишкектеги “Жер-Ынтымагы” конушунун тургундарына 500гө жакын техникалык паспорт берилди. Муниципалитеттен билдиришкендей, жалпысынан 1 миң 70 арыз кабыл алынды, анын 8и артка

кайтарылды. Андан тышкары, дагы 10 конуштан 400гө жакын арыз кабыл алынды. Белгилеп кетсек,

учурда техникалык паспорт берүү боюнча ыкчам топтор иштеп жатат. Алар жеринде иликтөө

иштерин жүргүзөт, андан кийин өз алдынча турак жай курулган жер тилкелерине документ даярдашат.

Техникалык паспортту алуу – жер тилкелерин мыйзамдаштыруу боюнча көйгөйлөрдү чечүүнүн алгачкы этабы.