Кыргызстанда коронавируска байланыштуу дагы бир штаб түзүлдү.
Өкмөттүн аппараттык маалымат кызматынан билдиришкендей,
аталган штаб вирустун жайылышы боюнча кырдаалга байланыштуу
тышкы таасирлердин кесепетин азайтууга жана экономикалык
иш-чараларды өткөрүүгө багытталган. Анда өкмөттүн дээрлик
толук курамы, фискалдык органдар, Бишкек, Ош шаарларынын
жетекчилери мүчө болушту. Кошумчаласак, Коронавирус күч алганына
байланыштуу Кыргызстан — Кытай чек арасы жабылган. Адистер бул
биздин экономикага терс таасирин тийгизерин белгилешүүдө.